Курулушу 1993-жылы башталган бала бакча быйыл ишке кирет

Бишкектеги Көлмө жаңы конушунда курулушу 1993-жылы башталып, ортодон куруу иштери токтоп калган бала бакчанын курулушу бүгүнкү күндө уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта шаардын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калаанын социалдык объекттерин кыдырып жүргөндө билдирди.

"Бул балдар бакчасынын курулушу 1993-жылдан бери жүрүп келаткан. Ортодо токтоп калып, кайра 2015-жылдын декабрь айында курулуш жандандырылды. Долбоордун наркы 70 миллион сомду түзөт. 56 миллион сомго тендер жарыяланып, учурда 46 миллион сомдук жумуш аткарылды. Ушул жылдын октябрь айында ишке кирет. Бакча 160 орунга ылайыкталган", - деди Өмүрканов.

Андан соң Ибраимов Калыс-Ордо конушундагы курулушу аяктап калган мектептин абалы менен таанышты. Бул мектеп 2015-жылдын апрель айында башталган. 5 секциядан турган 950 окуучуга ылайыкташкан мектепке 2 миллион доллар жумшалган.

"Калыс-Ордо конушу шаардын эң көп эл жашаган конуштарынын бири болуп саналат. Бул жакка асфальт жолу төшөлүп, таза суусу жеткирилди. Буюрса, мектепти 1-сентябрда ишке берсек, окуучулар 2 сменде окушса, жалпы 2000ге жакын окуу оруну түзүлөт. Көлмөдөгү бала бакчаны жана бул мектеп Кытай Эл Республикасынын көмөгү менен курулуп жатат", - деди калаа башчы Ибраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ayjan_90
2017-08-10 16:24:09
Мынча тез ишке кириптир дагы беш он жыл куто турсанар болмок
+3
aminkaerke
2017-08-10 16:34:10
24 жылда ээ
+2
Sultanmatievkg
2017-08-10 16:35:15
Аябай тездик менен бутуруп койушуптурго.
+3
futboler
2017-08-10 16:52:22
Отуз жылдык юбилейин өткөрүп анан тапшырсаңар сонун болмок
+2
Patriot7
2017-08-10 17:05:49
Ото кымбат курулуптур!!! Экинчиден ортодо 20 жылда миллиондогон акчалар болунуп орду-тубу менен житип жок болсо керек, сол чонтокторго тушуп.....
+3
Asman...
2017-08-10 18:46:56
Күлкүңдү келтире турган жаңылык экен. Дагы жакшы бүтүптүр.
0
AKCAHAT
2017-08-10 19:03:41
Бул курулуш башталгандагы торолгондор балалуу болгондур эмдигиче, уят эле
+1
Atas
2017-08-10 20:20:35
Myna ushundai okuyalar , 25 jyldan beri biilikten tushpoi , oz kyzykchylygyn , tuugan tuushkandarynyn aiynan Kyrgyzstan ar olkodo taanylbai kalgan , baarynan da Arabtardyn olkosuno suktanam sebebi sheihteri chynygy meken dep kuiup kelishet
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан