Кыргыз мамлекетинде бала бакчага барган балдардын саны акыркы 6 жылда 73 миңден 137 миңге жетти. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өкмөттүк жыйында билдиргенин министрликтин маалымат кызматы бүгүн, 10-августта кабарлады.
"2011-2012-жылдары Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы түзүлгөндө өлкөдөгү мектеп жашына чейинки балдардын 14,5 пайызы гана бала бакчага кабыл алынчу. Буга байланыштуу мектеп жашына чейинки балдардын бала бакчаларга баруусун камсыздоо каралган. Мындан тышкары мектепке чейинки даярдык сааттары жылына 240 сааттан 480 саатка жогорулады. Ал эми республикалык бюджеттен чыгым 20 эсеге - 12,3 миллион сомдон 229,9 миллион сомго өстү, - дейт Кудайбердиева.