Мэрия: "Бишкектеги 50 эстелик жуулду, тургундарды аларга аяр мамиле жасоого чакырабыз"

"Бишкек шаарындагы 50 чакты эстелик жуулуп, тазаланды", - деп маалымдады бүгүн, 10-августта Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына. Маалыматка ылайык, шаарды алдыдагы Эгемендүүлүк майрамына даярдоо иш-аракеттери жүрүп жатат.

"Аба ырайы ысыгандан тартып эле шаардагы эстеликтерди тазалоо иштери башталган. Көчөлөрдөгү, парк-скверлердеги эстеликтер жуулуп жатат, жумуш 31-августка чейин улантылат. Бул үчүн атайын суу чачуучу унаа жана "Тазалык" ишканасынын 6 жумушчусу тартылды. Тургундардын арасында эстеликтерге ар кандай боёк, кеңсе каражаттары менен жазып кеткендер бар. Жумушчулар аларды тазалоодо убара тартууда", - дейт маалымат кызматы.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы тургундарды эстеликтерге, маданий жайларга аяр мамиле жасоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurislam94
2017-08-10 17:48:02
Жакшы кылышыптыр
0
Benazir08
2017-08-10 18:20:03
Жакшы экен. Бирок Оштун экс мэри давно 2012-жылы эле жуудурчу эле жылда эле. Аны тегеле эстеп да коюшпайт.Мелис Мырзакматовду Аллах колдосун....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан