Мамэкотехинспекция үй жаныбарларын көлгө киринтүүгө тыюу салып, унааларды Ысык-Көлдөн 100 метр алыс токтотууну буюрду

Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын жээктерине унаалардын кирип кетүүсүн алдын алуу боюнча текшерүү иштери өткөрүлүп жатканын Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция бүгүн, 10-августта кабарлады.

"Инспекторлор көлдүн жээгине кирип кеткен унааларды чыгарып, ээлерине суунун жээгинен белгилүү аралыкта токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми инспекторлордун мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген айрым жарандарга акты, протоколдор толтурулду", - деп жазылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, көлдүн жээги 100 метр аралыкка чейин экологиялык коргоого алынган аймак болуп саналат.

"Ысык-Көлдүн жээгине барып эс алгандар унаасын 100 метр аралыкта жайгаштырып, үй жаныбарларын көлгө киринтпеши керек", - дешкен инспекциядан.

Эскерте кетсек, 26-июлдан 27-июлга караган түнү Казакстандын жараны Ауди үлгүсүндөгү унаасы менен Ысык-Көлгө кирип кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан