Бүгүн, 11-августта Кыргыздын башкы ортопед-травматологу, медицина илимдеринин доктору, профессору, Кыргыздын Эмгек сиңирген дарыгери Сабырбек Жумабеков 53 жашка толду. Ал Таластын Сатыкей айылында төрөлгөн.
1981-жылы мектепти бүтүрүп Кыргыз медициналык академиясына тапшырган. Академияны 1987-жылы ийгиликтүү аяктап Крым медициналык институтуна тапшырган. Ал жакта окуп да, иштеп да, кандидаттык диссертациясын да коргоого үлгүргөн.
1996-жылы Калифорнияда стажировка өтүп келген.
1996-1999-жылдары Борбор Азия жана Казакстанга омуртка ооруларын микрохирургиялык дарылоо ыкмасын киргизген.
2007-жылы декабрь айында "Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеӊешке депутат болгон, бирок мандатынан өз эрки менен баш тартып, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору болгон.
2010-жылдын 20-декабрынан 2011-жылдын 11-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри болгон.
2017-жылы 12-июлда II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун жетекчиси болуп эмгектенет.