Аравандын Жаңы-Жол айылына биринчи жолу спорт зал курулууда, ага 4 миллион сом бөлүнгөн

Ош облусуна караштуу Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында спорт зал курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Керме-Тоо айыл аймагынын башчысы Сүйүнбек Гүлжигитов билдирди.

"Керме-Тоо айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында буга чейин спорттук зал болгон эмес. Быйыл Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 4 миллион сомдой каражат жумшалып курулуп баштады. Куруу иштери ушул жылдын ноябрь айында жыйынтыкталары күтүлүүдө", - деп билдирди Гүлжигитов.

Ал белгилегендей, Жаңы-Жол айылындагы Татыш Бекенов атындагы орто мектеп 2015-жылдан бери кооптуу абалда турат. Окуучулар кооптуу делген мектепте окуп жатышат. Азырынча мектептин курулушу боюнча иш аракеттер баштала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jake91
2017-08-11 10:48:57
жакшы жанылык мангыт айлыл окмотунун кызыл коргон айылы да билбейт,зал кандай болорун бизге да чон болбосо да боло берет, план кылып корбойсунорбу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан