Өлкө аймагында катуу шамалдын жүрүшү башталды

Өлкө аймагында кыйратуучу катуу шамалдын жүрүшү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.

"Шамалдын алгачкы агымы өлкө аймагында жүрүп баштады. Бишкекте шамалдын ылдамдыгы секундасына 20, Ысык-Ата районунун аймагында 18 метрге жетти. Шамал кечке чейин жүрүшү мүмкүн. Басымдуу шамал Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө болушу ыктымал. Ысык-Көлдө айрым учурларда секундасына 30 метрге жетиши ыктымал. Бизге агым Казакстан тараптан келет. Учурда Казакстандын аймактарында шамал болуп жатат. Азырынча толук агым келе элек, бүгүн кечке чейин болушу мүмкүн. Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында катуу шамал болбойт", - деп билдирди агенттиктин адистери.

Эске салсак, буга чейин жакынкы 3 саат аралыгында кыйратуучу шамал болушу күтүлөрү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
samsungc3
2017-08-11 15:31:44
Кудай сактасын!
+6
dastan_nookat
2017-08-11 15:33:39
Кара балтада тынч эле азырынча
+3
Yasmina87
2017-08-11 15:58:12
Тооба кылдым алдын ала маалымат берсе дагы жакбай адамдарга
-2
zhykyo
2017-08-11 16:21:59
Жалгыз эле бир бак калыптыр го суротто
+2
admin_superstan
2017-08-11 16:31:48
nurbekasr, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
nurbekasr
2017-08-11 20:51:22
admin_superstan,кечирип койгула мен жөн эле сын пикир кылбай жазган элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан