СУПЕРСТАН: "Мурунку сүйгөнүмдү башкалардан кызганганда көзүмө жаш айланып, өзүмдү коёрго жай таппай калам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мурунку сүйүүңөрдү кызганасыңарбы?" деген теманы талкууга алышкан.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ооба, албетте! Мен алгачкы сүйгөн инсаным менен азыр дос катары сүйлөшүп турабыз. Бирок телефонунан кыздардын номерин көрсөм же бирөө менен сүйлөшүп туруп калганын көрсөм аябай кызганам. Кызганганымдан көзүмө жаш айланып, өзүмдү коёрго жай таппай калам".

"Кызгансаңар айткыла да. "Мен сени кызганып жатам, мен бар жерде же болбосо менин көзүмчө тиги же бул менен сүйлөшпө" дечи кантээр экен. Кызганганда эмне, ал эми мендик эмес, тагдыры башка, башканын сүйүктүүсү, жары, балдарынын апасы. Эми кызгангандан пайда жок".

"Мурдагысын кызганбайм, мен азыр учурдагыны жоготуп алуудан корком".

"Окуучу кезимде сүйүүгө ишенчү эмесмин. Жыл өтүп жогорку окуу жайда окуп жүрүп бир жигитти аябай катуу сүйүп калдым. Ал менен эки жыл жүрдүк, бирок тагдыр экен, бирге боло албадык. Азыр кызганбайм, бирок абдан сагынам, көрбөгөнүмө беш жыл болду. Эгер көрүшүп калсак ыйлап, жүрөгүмдү бошотуп, сагынычымды жазмакмын".

"Мурунку сүйүүм арадан көп убакыт өткөндөн кийин соцтармактардын биринен ал мени таап алыптыр. Көп издегенин айтат. Акыркы укканда мени төрөбөй жүрөт деп уккан экен. Ал-акыбал сурашкандан кийинки сөзү "жолдошуң менен жашайсыңбы?" болгон. Менин "ооба" деген жообумду угуп унчукпай калган. Өзү үйлөнүп ажырашканын айтты. Кийин ал-жайды сурап койчу, сүйлөшкөнгө экөөбүздө башка сөз деле жок экен. Бир күнү "ушул кызга үйлөнөйүн деп жатам, кандай дейсиң" деп аябай сулуу бир кыздын сүрөтүн жөнөттү. Катып калдым, температурам 100гө чыгып, өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Курбума айтып ыйламсырасам "сенин андан он эсе өйдө, өлсө өлүгү артык күйөөң бар, эмнесин кызганасың?" деп кайра өзүмдү урушту. Анан өзүмө келдим. Ал болсо дагы эле тиги кызга үйлөнбөй жүрөт".

"Кызганбайм дечү элем, кызганат экенсиң. Бүгүн 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кызымдын тою болду, мен иштерим менен Бишкекте элем, досторум барып видеого тартып жөнөтүшүптүр. Эмнегедир турмушка чыкканына кападай, жүзүндө жылмаюу жоктой сезилди. Кызганганымды бир гана нерсе токтотуп турду. Апам жөнүндө бир сөз айткан эле, ошол сөзү жүрөгүмдүн төрүнө барып сайылган, кызгануудан ошол сөзү гана басып кармап турду".

Күлкүлүү окуяларыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kayrat1985
2017-08-11 18:47:03
Суйуу бул только никеден кийин гана башталат суйлошуп куйушуп жургон бул шайтандын эле шапааты мусульман бир тууганым.
+2
jakilik
2017-08-11 20:51:20
kayrat1985, Никеден кийин деле башталбайт го башталса неге ажырашышмак эле
+6
meni_kut
2017-08-12 12:15:00
jakilik,толук дин мн жашашпаганы учун бузулат
0
raykray
2017-08-11 20:53:12
ооба суйуу никеден кийин башталат бирок биринчи суйуу деген унутулбайт деле, сагынасын, кутосун,кызганасын и эстегенде жымыйып гана аласын эх)))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан