Бүгүн президенттикке талапкерлердин төртөө мамлекеттик тил сынагынан өттү

Бүгүн, 11-августта президенттикке талапкерлердин төртөө мамлекеттик тил сынагынан өттү. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

"Темиркул Өмүралиев, Канат Исаев, Турат Акимов жана Эрнис Зарлыков сынакка катышты. Натыйжада Темиркул Өмүралиев 61, Канат Исаев 82,15, Турат Акимов 85, Эрнис Зарлыков 60,16 балл алып сынактан ийгиликтүү өтүштү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган маалыматта күндүн жыйынтыгы менен сынактан өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификат ыйгарылганы айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин жалпы 37 талапкер мамлекеттик тилден сынак тапшырып, анын экөө өтпөй калган.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан