Ош облусунун Кара-Суу районундагы борбордук базарда өрткө каршы жана өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты - өрттүн алдын алуу, болтурбоо жана өрт учурунда кандай аракеттерди жасоо керек экендигин калкка түшүндүрүү болду. Инспекция коомчулукту өрт коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
"Бүгүнкү күндө "Кара-Суу" базарында өрт маселеси өтө олуттуу. Себеби унаалар өтчү жолдор соодагерлер тарабынан торолуп калган. Мындай көрүнүш өрт өчүрүүдө тоскоолдуктарды жаратат. Тоскоолдук жаратуунун жыйынтыгы өкүнүчтүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Иш-чаранын жүрүшүндө тез тамактануучу жайларда колдонулуп жаткан газ толтурулган баллондор дагы текшерүүгө алынды. Ал эми техникалык талаптарга жана өрт коопсуздугуна жооп бербеген жайларга кыска мөөнөттүн ичинде кемчиликтерди жоюу талабы коюлду", - деп билдирди басма сөз кызматы.