Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын саламаттыгы боюнча көзөмөл кызматы Түркиянын Анталия шаарындагы эс алуучу жайларды туристтер үчүн кооптуу деп тапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 11-августта жазып чыкты.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Түркиядагы эс алуучулар арасында коксаки вирусу менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу жазып жаткан. Вирустун кесепетинен ондогон туристтер эс алуусун токтотуп, дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болгон.
"Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын саламаттыгы боюнча көзөмөл кызматы Анталиянын булуңдарындагы эс алуучу жайлар орусиялык туристтердин ден соолугу үчүн кооптуу деген чечимди кабыл алды. Документ Орусиянын туризм боюнча агенттигине жөнөтүлдү. Бул чечимди кабыл алууда Тышкы иштер министрлиги менен кеңешүүлөр өттү", - деп билдирген аталган кызматтан РИА Новости агенттигине.
Бул боюнча Түркиянын Отельерлер федерациясынын башчысы Осман Айык коксаки вирусун Анталияга орусиялыктар алып келген деген билдирүүсүн жасады.
Анын айтымында, аталган оору чындыгында Анталиянын эс алуучу жайларында жайылган, бирок ооругандардын арасында бир дагы түркиялык бала жок.
"Бул илдеттин инкубациялык мезгили 2 жумалык убакытты түзөт. Туристтер 7-8 күн эле эс алып кетишет. Логикалык ой жүгүртсөк, анда орусиялык туристтер өздөрү бул ооруну алып келген болот. Мындай маселе менен буга чейин бир да отель кайрылган эмес. Орусиядан келген эс алуучулар абдан көп, бирок ар бир эс алуу мезгилинде орусиялык маалымат каражаттары бизге каршы ушул сыяктуу маалыматтарды жайылтат", - деген ал.
Коксаки вирусу - клетканын ичинде жайгашкан курттар. Ал негизинен балдар арасында жайылып, суу, аба, жалпы колдонуучу буюмдар аркылуу жугат. Оору пайда болгондогу белгилер: адамдын башы, дене булчуңдары ооруп, дене табы көтөрүлөт. Баланын денесин, оозун, таңдайын кызыл тактар басат.