Малайзиянын мурдагы падышасы Абдул Халим Муадзам Шах 89 жашында дүйнө салды

Малайзиянын мурдагы падышасы Абдул Халим Муадзам Шах 89 жашында дүйнө салды. Расмий маалыматтарга ылайык, ал бүгүн Бишкек убактысы боюнча түшкү саат 12:30да каза болгон.

Маркум Абдул Халим Муадзам Шах 1927-жылы 28-ноябрда Малайзиянын Кедах султанатында туулган. Ал Малайзияда эки жолу такка отурган жалгыз падыша болуп саналат. Дүйнө жүзүндөгү мамлекет башчыларынын арасында жаш курагы боюнча эң улуу башкаруучу, бир катар мамлекеттик жана чет элдик сыйлыктардын ээси болгон. 2016-жылдын декабрында анын падышалыктагы 2-мөөнөтү аяктап, ордуна такка Келантан штатынын султаны Мухаммад V келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан