Акын Турар Кожомбердиевдин музей-комплекси курулат

Акын Турар Кожомбердиевдин айылына музей-комплекси курулат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда SUPER.KG порталына акындын кызы Нургүл Кожомбердиева билдирди.

"Турар Кожомбердиевдин музей-комплекси өзү туулуп өскөн Жайыл районунун Сары-Булак айылына курулат. Акындын буга чейин жашап өткөн үйү эскилиги жетип калган. Бүгүнкү күндө атайын адистер менен биргеликте музейдин эскизи даярдалды. Кожомбердиевдин "Көлчүктөгү ай" балдарга арналган 17 миңден ашуун нускадагы чыгарылган китеби сатылып, андан түшкөн каражаттын эсебине музей курулууда. Бул боюнча өлкө башчысына, премьер-министрге кат аркылуу кайрылуу жасагам. Азырынча жооп боло элек", - деп билдирди Нургүл Кожомбердиева.

Нургүл Кожомбердиеванын маалыматына ылайык, быйылкы жылы музей-комплекстин пайдубалы түптөлүп баштайт.

Акындын айрым ырлары орус, украин, казак, беларусь, молдова, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.

Турар Кожомбердиев 1989-жылы 48 жашында дүйнө салган. Анын артында эки кызы калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан