Мьянманын өкмөтүнүн рохинджа калкына карата жүргүзүп жаткан аскердик операциясы этникалык тазалоонун классикалык мисалы экенин Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мьянма адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу изилдөө жүргүзүү үчүн шарт түзүп бербей жаткандыктан ал жердеги абалды толук баалоо мүмкүн эмес. Бирок бул этникалык тазалоонун мисалындай көрүнүп жатат. Мьянманын өкмөтүн ырайымсыз аскердик операцияны, рохинджа мусулмандарына карата дискриминацияны токтотууга чакырам", - деген ал БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин 36-сессиясынын ачылышында.
Маалыматка караганда, Зейд Раад аль-Хуссейн Мьянманын өкмөтүнөн кагылышуу болуп жаткан Ракхайн штатына БУУнун өкүлдөрүнүн кирүүсүнө уруксат берүүсүн суранган. Мьянма рохинджа калкынын кордук көрүүсүнө элдин өзүн күнөөлөп, бул аракети менен эл аралык репутациясына зыян келтирип жатканын айткан.