Жогорку Кеңеште 19 эле депутат калгандыктан "Кумтөр" маселеси каралбай калды

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештеги жыйындар залында "Кумтөр" маселесин 19 депутат карап жатат. Муну "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев байкап, депутаттар келген соң маселени талкуулоону сунуштады.

"Азыр өкмөт башчы дагы жок. Бул жерде залда 70 депутат катталганы менен, болгону 19 депутат отурат. "Кумтөр" деген аябай маанилүү маселени бүгүн караганыбыз туура эмес болчудай болуп турат. Маалыматын уктук. Ошондуктан бул маселени башка күнгө калтырып, депутаттар келсин, өкмөт башчы да келсин, анан карайлы. Өкмөт башчы маалыматты комитетке бериптир, эмнеге палатага келбейт? Маселени кароону башка күнгө жылдыруу боюнча сунуш кылам", - деди Зулушев.

Депутаттар маселени добушка коюп, көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен "Кумтөр" маселесин кароо башка күнгө калтырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Crokus
2017-09-14 16:04:22
азыркы дупутаттарды ойлондуруп да койбосо керек.Садыр Жапаровго окшотуп кетишет да эгер чукуп эле башташса
+1
kushtari
2017-09-14 17:05:32
Депутатдар азыр бошобойт 15октябрга чейин куну туну бошобойт
+1
Patriot7
2017-09-14 18:09:51
Мен бул парламентти таркатыш керек деп айтып эле келем. Бул депутаттар оз бизнесин, байлыгын коргоо учун гана депутат болушкан. Депутат болуп алып, Окмотко кысым корсотуп казынага салык толобой келет кобу Торобаев, Ч.Турсунбековдорго окшоп...

Анан ишине каалаган убакта келип каалаган убагында кетип Жогорку Кенеш эшек жайлоого айланган... Кааласа 19 депутат келип, 70 депутат каттоодон отот!!! Ушундай депутаттар болгону учун да олко онукпойт!!!
+3
kenjebek_a
2017-09-14 18:19:12
,120сы катышса деле эшектин тушоосу чечилбейт.Арасында4-5депутат бар,эркекче принципте турган.Калганы ээрчиме,ХХХХ тушкондор айрыкча СДПКнын депутаттары.
+2
cfif03748
2017-09-14 22:32:43
7 областтан 7 депутат эле жетет эле.120 жепжутар КР ды кемирип бутмой болду
+2
tina.kg
2017-09-15 08:50:28
Иштебей жатып маяна алышат бул депутаттар,Бабановго окшоп баш тарткыла маянадан иштебейсинер и так эле,хотябы силерден бир пайдалуу иш болмок аз да болсо айына 1000000 сом жон гона чонтоко кетпейт беле деген умут.....
0
NURSAPAR
2017-09-15 13:12:12
Депутаттар ар кимге аш берип чай куюп жүрүшөт
0
dysha
2017-09-17 23:17:48
предвыборка деп чуркап журушотта, кумтор мне кереги бар буларга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан