Бүгүн, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев 61 жашка толду. Ал 1956-жылы Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Алмазбек Атамбаев мектепти аяктаган соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан.
Алмазбек Атамбаев эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган. 1981-1983-жылдары №4-ЖЭБде башкы инженер, ал эми 1983-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарда иштеген. Атамбаев 1987-1989-жылдары Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 1989-1997-жылдары болсо “Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасынын директорлук кызматын аркалаган. 1997-1999-жылдары “Кыргызавтомаш” АКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
1999-2004-жылдары – “Форум” өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы, 2004-2005-жылдары “Кыргызавтомаш” корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы, 2005-2006-жылдары экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, министр болгон.
Андан соң 2006-2007-жылдары премьер-министр болуп иштеген.
2007-2010-жылга чейин активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген.
Ал эми 2010-жылдын апрель-июнь айларында Убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары болсо, 2010-жылдын ноябрь-декабрь айлары Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясын жетектеген. 2010-жылдын 20-декабрында премьер-министр болуп, 2011-жылдын 30-октябрында президент болуп шайланган.
2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка расмий киришкен.
17-сентябрга карата жылнаама.