"Бишкек шаарынан алыс эмес, Сокулук районундагы унаа жолдон Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа дарбыз ташып бара жатып, КамАЗ үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа менен кагышты. Жолдун баарына дарбыздар жарылып, унаалардын тыгыны пайда болду", - дейт окурман.
Окурман кырсыктан адамдар жабыркаганын же кошумча башка маалыматтарды билдирген эмес. Окуя тууралуу кийинчерээк так маалыматтар берилет.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.