Өзүн өзү өрттөөгө аракет кылган аял Ош облустук ооруканасында каза болду

Өзүн өзү өрттөөгө аракет кылган аял Ош облустук ооруканасында каза болду. Маалыматты Ош облустук администрациясынан ырасташты.

Айта кетсек, кечээ, 18-сентябрда 1964-жылы туулган жаран өзүнүн үстүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Анын кесепетинен денесинин 70-80 пайызы күйүп, 3-даражадагы күйүк алган. Ал Ош облустук ооруканасына жеткирилген эле. Андан көп өтпөй каза болгон.

Маалыматка караганда, өзүн өзү өрттөп жиберген аял уйкусу бузулуп, эске тутуму начарлап, өзү менен өзү сүйлөшүп, бат-баттан урушуп кетип жатканы үчүн 11-августта Ош облустук психиатриялык ооруканага кайрылган. Ал жерде төрт күн дарылангандан кийин күйөөсүнүн өтүнүчү менен чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан