ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин Арча-Бешик аймактык башкармалыгынын жанындагы балдар аянты кароосуз калды" дейт окурман

Арча-Бешик конушундагы Арча-Бешик аймактык башкармалыктын бет маңдайында жайгашкан балдар аянты талапка жооп бербейт. Мындай маалыматты бүгүн, 23-сентябрда окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

"Арча-Бешик аймактык башкармалыктын жанындагы балдар аянты каралбай калды. Айланасы таштандыга толуп, куураган чөп басып кеткен. Ага карабай кечкисин жаш балдар чаңы сапырылган аянтта ойношот. Көңүл бурган эч ким жок. Аянтка жакын жерге курулушу жүрүп жаткан имараттын топурагы төгүлгөн. Аймактык башкармалыктагы тиешелүү жетекчилер балдар аянты үчүн каражат бөлүп, иретке келтирип койсо болмок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kulatov
2017-09-23 18:11:54
Ошол жердин жашоочулары да оңдоп, тазалап койсо болот го өздөрүнүн балдары эле ойношот.
+1
TazaKyrgyz
2017-09-23 18:21:35
Азамат! Жаны конуштардагы койгойду козгопсуз
+1
Komrad
2017-09-23 19:04:38
Балдар аянтча созсуз болуш керек, каралыш керек. Акордо Алатоодо балдар аянтчасы жок, дегеле аянтча жок, уйлор бутсо жол жээгине аялдамага орун жок болот го дейм
+2
Azatbek83
2017-09-23 21:34:16
Кана президент болом дегендер? Ушундай нерселерге конул буруп койушса болмок айрыкча Сапар атасы экообу доор суруп жатышканда сооп болмок.
+3
afina66
2017-09-23 22:43:00
Еркин-ТОО конушунда да жок президент болуп буларды кыйратпаса Кудай буйруса мен жасайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан