Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында жарандардын бири үйүнүн тушуна өзү билип жол дөӊсөөсүн коюп алды. Окурман бүгүн, 24-сентябрда ушундай кабар жөнөттү.
"Военно-Антоновка айылындагы Токтогул көчөсүнө асфальт төшөлгөн эмес, кадимки таштак жол. Ошол көчөнүн тургундарынын бири үйүнүн тушуна бетондон жол дөӊсөөсүн жасап алды. Былтыр бул үйдүн коӊшусу топурак менен дөӊсөө жасап, айдоочуларга ыӊгайсыздык жараткан. Анткени кышкысын дөӊсөөлөргө муз тоӊуп унаалардын түбү тийип ыза кылчу. Шаардагыдай кылып, ал дөӊсөөлөрдүн музун талкалаган эч ким жок. Быйыл эми анын коӊшусу өз алдынча дөӊсөө жасап алды. Ар ким каалаганын кылса боло береби? Көчөнүн ар бир жашоочусу үйлөрүнүн тушуна дөӊсөө жасай берсе, ал көчөдө автомобиль менен жүрүп болобу? Өз алдынча дегеним, ал жерде же мектеп, же бала бакча, же оорукана жок. Мыйзамга ылайык, дөӊсөөлөрдү туш келген жерге койбойт, ал эмес асфальт төшөлгөн көчөлөрдүн да айрым гана жерлерине коюшат. Жолду каалагандай казып, жеке кызыкчылыгы үчүн башкаларга ыӊгайсыздык жараткан үй ээсине чара көрүүнү айыл өкмөттөн талап кылам. Жол бир үйдүн менчиги эмес! Эгер айыл өкмөт чара көрбөсө жогору жакка чейин арызданууга барам", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.