23-сентябрда Аксы районундагы Сары-Челек коругунда израилдик Хилла Ливне аттуу турист кыз дайынсыз жоголуп, 29-сентябрь күнү коруктагы аскадан анын жансыз денеси табылган. Аны издөө-куткаруу ишине ӨКМнын кызматкерлери жана Израиль мамлекетинен да куткаруучулар тартылган. Бирок кыздын аскада калган жансыз денесин куткаруучулар алып түшө албай Сары-Челек коругундагы Аркыт айылынын 33 жаштагы Замирбек Анарбаев аттуу тургуну алып түшкөн. Анарбаев окуя тууралуу бүгүн, 1-октябрда SUPER.KG'ге айтып берди.
"Мен турист кыз каза болгон аскага жакын жерде элдин коюн кайтарам. Ошол күнү куткаруучулардын жанында жүрдүм. Кыздын аскада калган сөөгүн алып түшүү үчүн биринчи эле чыгып кетип бараткам. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адамдары "куткаруучулар өздөрү алып түшөт, биз сага жооп бере албайбыз, түш" деп коюшту. Андан кийин биздин куткаруучулар чыгып баратып жарымына жеткенде "мындан ары чыга албайбыз" деп туруп калышты. Израилден келген эки куткаруучу болсо дрон менен карап туруп "чыга албайбыз" дешти. Себеби таштар суу болуп калган экен. Аркан илгенге да оңтойсуз болчу. Анан менин кайра чыгуумду суранышты. Мен арканга асылбай эле, таштан-ташка тырмышып отуруп чыгып барып кыздын сөөгүн арканга байладым", - дейт Замирбек.
Окуяга кайрыла кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израиль өлкөсүнүн эки жараны жана Франциянын эки жараны турист катары келишип, Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет.
Алар 23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде жолдун жоктугуна байланыштуу, израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливне жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израиль мамлекетинин жараны 1993-жылы туулган Городесен Нафад аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган.
Жабыркаган Городесен Нафадга Франциядан келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан Израилдин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон менен байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен.
Израиль туристтик фирмасы Кыргыз жериндеги CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. Фирманын кызматкерлери Сары-Челек коругунда алар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.
24-сентябрь күнү саат 19:00 чамасында Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франциянын эки жараны жана жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливне дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен.
25-сентябрь күнү израилдик турист кызды издөө иштери башталган. 29-сентябрь күнү анын жансыз денеси аскадан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Израилдик 22 жаштагы турист кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Маалыматка караганда, маркумдун бети-башында, бутунда жана колунда жаракаттары болгон. Материал боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.