ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: Көп улуттуу, калкы меймандос Ош шаарына 3017 жыл толду

Бүгүн, 5-октябрда өлкөнүн түштүк борбору аталган байыркы Ош шаарына 3017 жыл толду. Буга чейин Ош шаарынын тарыхы изилденип, 2000-жылдын октябрь айында Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси белгиленген.

Бул тарыхый шаар тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу араб булактарында IX кылымда эскерилип, кийин да башка тарыхта аты өчпөгөн Захир-ад-дин Мухаммад Бабу́р сыяктуу адамдардын эскермелеринде да кезигет.

Ош шаары деңиз деңгээлинен миң метр бийиктикте жайгашып, так ортосунда айтылуу Сулайман-Тоо орун алган.

Учурда Ош шаарында жүз миңдеген адамдар жашап, өзүнүн көп улуттуулугу, тамак ашынын берекелүүлүгү, меймандостугу менен башка шаарлардан айырмаланып турат.

5-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан