ЭЛДИК КАБАР: "Лейлек менен Тажикстандын Согдий облусун байланыштырган көпүрө жүк ташыган унааны көтөрө албай урап түштү" дейт окурман

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Интернационал айылы менен Тажик Республикасынын Согдий облусун байланыштырып турган көпүрө урап түштү. Окуя кечээ, 5-октябрда болгондугун окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

"Көпүрө аркылуу жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда урап кетти. Ал унаа өлкөдөн Тажикстанга көмүр жүктөп бараткан. Көпүрө чек арада жайгашкан", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ularik_kg
2017-10-06 12:12:30
Сооронбайга айткыла сразу ондоп тузоп берет
+16
Tyty1990
2017-10-06 12:54:15
Адаханга да айткыла. Озунун Куршаб айылын кыйратпаган копуро куруп кыйратаар.
-18
Nurik-88
2017-10-06 13:01:22
Адахан мамлекеттин акчасын жебесе сага копуро куруп бермек беле. Курганга милдеттуу да эмес. Копуро салгандар элдин акчасын жеп ошонун он пайызына куруп берсе мактап жатып каласынар. Сага окшогон ХХХХ айынан малекетибизге татыктуу жетекчи депутаттарды шайлай албай атабыз!!!
+19
Alixan-Nookat.2015
2017-10-06 13:04:39
Nurik-88, Туура айтасын.
+2
Ruslan4458
2017-10-06 13:11:55
Сооронбайга айткыла кече соттон 10 миллион албады беле ондоп берет
+15
PROS
2017-10-06 13:33:05
Ruslan4458,абайла, сени да доого жыкпасын))
+7
RusMos76
2017-10-07 03:20:37
PROS,Каракулжадагы копуро эмне болду?!
0
amirrus
2017-10-06 13:18:30
Азимбек фотодогу пограничник сенсинби маданияттык ?
0
BegimaiBegimai
2017-10-06 13:51:51
интернационал айылыго
0
datkayimjan
2017-10-06 14:04:59
Смартфонду утуп алууга шанс
+3
Leilek-razzakov
2017-10-06 14:48:20
Адахан, Сооронбай дебей эки тарап суйлошуп куруш керек. Камаз айдаганга толотуп койбосо болду эми.
+2
Ulan2601
2017-10-06 15:00:39
10 тонна которчу камаздарга 20 тонна жуктоп алып айдайт анан ушундай болот да! Ош Бишкек жолун да бузуп бутту ушулар
+5
fea1990
2017-10-06 15:56:18
Тонна тонна комур ж.б жук отсо бузулат да ?
0
RusMos76
2017-10-07 03:22:16
Дагы бир депутаттын камазы болсо керек да, 2 эсе коп жуктоп алып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан