ЭЛДИК КАБАР: Москвада "Синдика" соода борборунда чыккан өрттөн Кыргыздардын унаалары күйүп кетти

"8-октябрда Москва шаарында Строгино метросунда жайгашкан курулуш материалдары сатылган "Синдика" соода борборунда өрт чыккан. Андан 3-4 Кыргыз жарандарынын унаалары унаа токтоочу жайда жарылып кетти. Жумушчу кыздардын айрымдары документтерин алууга да үлгүрбөй калышты", - деп билдирди WhatsApp аркылуу байланышкан окурман.

Эске салсак, өрт курулуш материалдарын саткан соода борборунун жер алдындагы унаа токтоочу жайынан чыкканы айтылган. Өрттөн болжол менен 5 миллиард рубль зыян келтирилгенин Бүткүл орусиялык камсыздандыруу бирикмесинин президенти Игорь Юргенс билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dilbaranurdinova
2017-10-10 08:49:26
Кыргызым ай )))
+4
kelemdedin
2017-10-10 08:53:35
Негизгиси жанынар аман экен
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-10 09:00:56
Кыргыздар 100 миллион эл болгондо жалан эле кыргыздар болуп кетмек дуйно жузундо жер жайгап
-9
Ulan2601
2017-10-10 09:05:16
Темир табылат баш аман болсо!
+9
haydarkan
2017-10-10 09:50:10
чатак иш болуптурго мен жашаган райондо. АШАНДЫН жанында болчу
+2
Bek_abad
2017-10-10 11:32:44
Машина олуп кетсинчи....
+2
almanbetperm
2017-10-10 16:32:19
Фотолорунда кыстырып койсонор болмок
+1
admin_superstan
2017-10-10 17:09:49
almanbetperm, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан