Өмүрбек Бабанов президент болуп калса криминалды жеңүү үчүн Улукбек Кочкоров менен Таалатбек Масадыковду өзүнүн командасына чакырат. Бул тууралуу ал кечээ, 11-октябрда КТРК телеканалындагы талапкерлердин теледебатында айтты.
Ошондой эле ал учурда эл деле кылмыш дүйнөсүнүн адамдары кайсы талапкерге жардам берип чуркап жүрүшкөнүн билерин кошумчалады.
Айта кетсек, кечээки теледебатка Өмүрбек Бабанов, Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев катышкан.