О! мобилдик операторунун роуминг үчүн жаңы топтомдорунун жардамы менен Орусия, Түркия жана Казакстандагы интернет-роумингге кеткен чыгымдарын көзөмөлдөө жана кошумча 10% жеңилдик алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Жаңы сунуш О! абоненттери үчүн уникалдуу сунуштардын тизмесин толуктады, мунун алкагында бир катар мамлекеттерде роумингдин 1 мегабайты болуп көрбөгөндөй баага – болгону 1 сомго жеткиликтүү болуп калды.
"Кыргыз мамлекетинин тургундары көп барган мамлекеттерге сапарга чыккан абоненттер үчүн роумингди бир кыйла үнөмдөө менен катар, чыгымдарын ишенимдүү көзөмөлдөгөнгө да мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз өз абоненттерибиз үчүн нукура жеткиликтүү жана ыңгайлуу интернет-роумингди сунуштоого бүт дитибизди койгонбуз. Добуштук байланышка караганда интернет ыңгайлуураак жана арзаныраак, ал эми жаңы интернет-топтомдор менен биздин саякатчылар болжолдогондон ашык сарптоолору мүмкүн эмес", - деп билдирди О! мобилдик операторунун роуминг жана интерконнект кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
Эми балансты көзөмөлдөөнүн кажети жок – өз номериңизди колдонуу менен сиз чет мамлекеттеги чыгымдарыңызды так пландап, байланыштан үнөмдөй аласыз.
Чет мамлекетке чыгардан мурда мегабайттардын керектүү көлөмүн кошуп алыңыз :
«Интернет-роуминг 50МБ». Кошулуу буйрутмасы: *997*50# (45 сом.)
«Интернет-роуминг 100МБ». Кошулуу буйрутмасы: *997*100# (90 сом.)
«Интернет-роуминг 250МБ». Кошулуу буйрутмасы:*997*250# (225 сом.)
Топтомдор кошулган күндөн баштап 30 күнгө чейин жеткиликтүү, Орусияда Мегафон жана Tele2, Казакстанда Теле2 жана Түркияда Turkcell түйүндөрүндө иштейт.
Интернет-топтом толугу менен сарпталган учурда сиз бул тууралуу SMS-билдирүү аласыз жана дагы бир топтомду сатып алсаңыз же сиздин макулдугуңуз менен стандарттык тарифтештирүүгө өтсөңүз болот. Пайдалуу интернет-топтомдоруна кошулуу шарттары тууралуу толук маалыматты www.o.kg сайтынын Роуминг бөлүмүнөн алса болот.
О! мобилдик операторунан роуминг – дүйнө жүзүндөгү бардык абоненттер үчүн камкордук.