Шыкмаматовдун сотунда котормочу катарында мугалимдин чакырылышына нааразычылык жаралды

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов жана анын жактоочусу күбө катары катышып жаткан "Барат Люкс" ишканасынын директору Али Юкселдин сөзүн которууга чакырылган котормочуга каршы болушту.

"Бизде шектенүү жаралып жатат. Котормочу буга чейин туура эмес которгон деп Юксел нааразы болгон. Ошондуктан котормочуну туура тандашыбыз керек. Ал документалдуу иш жүргүзүшү зарыл", - деп билдирди жактоочу Чынара Жакупбекова.

Ал эми депутат Шыкмаматов: "Мугалим менен котормочулуктун айырмасы чоң. Бул жерде адамдын тагдыры чечилип жатат. Ошондуктан дасыккан, лицензиясы бар котормочу керек", - деди Шыкмаматов.

Котормочу немец тили боюнча мугалимдик гана жогорку билими бар экендигин, буга чейин соттук отурумдарда жана башка дипломатиялык иштерде котормочулук боюнча ишмердүүлүк жүргүзбөгөнүн айтты.

Сот тараптардын оюн угуп чечим чыгаруу үчүн чыгып кетти. Натыйжада котормочуну отурумга катыштырбоо боюнча өтүнүчтү сот канааттандыруусуз калтырды.

Эске салсак, УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан