ЭЛДИК КАБАР: "Чымкентте миңдеген кыргыздар шайлоого катышпай калдык" дейт окурман

"Казакстандын Чымкент шаарында канча базар болсо, ал жерде иштегендердин 50 пайызы кыргыздар. Казакстандын ар бир облусунда мигранттар бар. Көбү бүгүн добуш бере алышкан жок. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө иштеген мигранттарга, шайлоого добуш берүүгө шарт түзүп беришкен жок. Миллиондогон Кыргыз Республикасынын жарандары добуш бере албай калабы?" - дейт WhatsApp аркылуу байланышкан окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ali-han
2017-10-15 11:11:35
Мигранттардын кобу биометриялык каттоодон откон эмес. Ошол учун добуш бергенге укугу жок болуп жатат. Менин тандоом Адахан Мадумаров!
+5
grace
2017-10-15 11:13:41
Тынч элесиңерби Казакстанда?
+4
Isco23
2017-10-15 11:14:49
Мигранттар сокени шайлабашын билип ушинтти да
+7
karakulja
2017-10-15 11:18:36
Выбирай или не выбирай, ПРЕЗИДЕНТОМ БУДЕТ СООРОНБАЙ!
-8
Isco23
2017-10-15 11:22:27
karakulja,еу каракулжа сага бир нерсе кылып бердиби жердешин. Азыркыга чейин жолун ондоло элек
+3
ajdaaar
2017-10-15 11:44:17
karakulja, биз кыргыздар арсыз калк келебиз. Азыр дал сага окшоп опкосун колтуктап алып куру намыска жендирип жургон Кара-Кулжалыктар толтура... Болбосо Жээнбековдор ушунча жыл саясатта журуп, губернатор, министр, спикер, Окмотту жетектеп журушуп, силерге, Кара-Кулжалыктарга жардамы тийдиби?!! Же жолду атасынын уйуно чейин асфальттатып койгонубу?!!

Журот го Кара-Кулжанын жаштары мигрант болуп тентип... Бакиев президент болуп турганда Ырыстыктар жыргабаган, эми силер жыргамак беленер
0
ajdaaar
2017-10-15 11:27:27
Мигранттар биометрикалык каттоодон отподу деген бекер кеп... Мигранттардын 97-98%ти эч болбосо 1-2 жылда бир Кыргызстанга барат. Мына учурда 3 миллиондой шайлоочу бар деп корсотулуп жатса, алардын бир миллиондойу чет олколордо журот... Ошол бир миллиондой шайлоочунун 18500 гана шайлоого катыша алат экен, б.а. ар 50 мигранттын бироосу гана шайлоого катыша алса, бул кандай таза шайлоо болду?!!
+1
rysik79
2017-10-15 11:28:50
Чимкенттин миллионер коммерсант
кыргыздары келип добуш берсенер болмок
0
ajdaaar
2017-10-15 11:39:47
rysik79, кайда келип добуш берет, чек ара жабык болсо.... Сен Бишкекте же Нарында жашасан, добуш беруу учун Ошко барып келбейсин да туурабы, миллионер болсон-болбосон да... Буларга эч болбосо 1 шайлоо участкасын ачып берсе болбойт беле бийлик, Шымкент шаарына... Эмне, элди талаалатып тентитип жиберип кай жерде канча мигрант-мекендештерибиз жургонунон бийликтин кабары жок бекен?!!
0
ajdaaar
2017-10-15 11:36:20
Мына Казахстанда жуз миндеген шайлоочуларыбыз бар. Биздин Окмот болсо Алматыга бир, Астанага бир шайлоо участкасын ачып коюптур.. Эгер бийликтеги галдирбайлар мигрант мекендештенибиздин укугун ойлосо, аларга шарт тузуп берип, Алматыга 3, Астанага 2, Тараз, Шымкент шаарларыа бирден шайлоо участкасын ачып койсо болмок да... Болбосо Шымкент же Таразда жашаган мигранттпр добуш берет элем деп Алматыга жоношпойт да... Кыскасы бул бийликтин мигранттарды шайлоого катыштырбоо саясаты...
0
kilim
2017-10-15 12:21:37
Биз дагы шайлоого катыша албай калдык
0
kilim
2017-10-15 12:22:09
Мигранттар деле Сокеге салбайбыз дегендер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан