ЭЛДИК КАБАР: "Баткен районундагы Кызыл-Бел айылынын тургундары шайлоого активдүү катышууда" дейт окурман

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы №8197-шайлоо тилкесинде шайлоо жакшы маанайда өтүп жатат. SUPER.KG порталынын окурманы WhatsApp аркылуу жөнөткөн маалыматына ылайык, тургундар шайлоого активдүү катышууда.

"Аталган шайлоо тилкесине 1112 шайлоочу катталган. Добуш берүүнүн жүрүшүн 10 байкоочу көзөмөлгө алган. Азырынча добуш берүү тынч өтүп, шайлоочулардын 50 пайызга жакыны өз добуштарын беришти. 84 жаштагы жашоочу шайлоо тилкесине катталган эң улуу шайлоочу деп табылды", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kalpak.kg92
2017-10-15 17:15:49
Рахмат Супер Инфо мен жонотком
0
almanbetperm
2017-10-15 18:23:24
kalpak.kg92,а шу укам энди кимди шайлаганини да айтип койвопсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан