Жанар Акаев чиновник Зилалиевдин 2 катасын өзүнө эскертти

Жогорку Кеӊеште бүгүн, 25-октябрда Дайыр Кенекеевди вице-премьер-министрликке бекитүү сунушу талкууланып жатат. Депутат Жанар Акаев жыйындагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге кайрылып, анын 2 олуттуу катачылыгын эскертти.

"Дүйшөнбек мырза, сиз жогорку кызматка дайындалгандан кийинки кыска убакытта атактуу болуп чыга келдиӊиз. Биринчиси - "Лигласс" компаниясына тийиштүү окуя, экинчиси - Баткенде элдин алдына барып "ичкен кудугуӊарга түкүрбөгүлө" деп президенттикке талапкерлердин бирин колдоого чакырдыӊыз", - деген Акаев вице-премьерликке талапкерлиги сунушталган Дайыр Кенекеевди Зилалиевдин катасын кайталабоого чакырды.

"Сиз досуӊуз же курсташыӊыз кетирген катаны кайталабайсыз деп ойлойм", - деди Жанар Акаев.

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун алдында элди талапкерлердин бирин колдоого үндөгөнү үчүн премьер-министрден алгач эскертүү, кийин катуу сөгүш алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан