Премьер-министр Сапар Исаков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоорун айткан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чара Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-сентябрда чыгарган чечиминин негизинде кабыл алынды. БШК өкмөткө Д.Зилалиевге катуураак чара көрүүнү сунуштаган.
Эске салсак, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушууда КСДПнын талапкерин колдоого үндөгөн.
21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевге президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөнү үчүн эскертүү берип, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошоткон.
Ал эми 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөткө Зилалиевдин кызматтык жоопкерчилигин кароодо катуу чара көрүүнү сунуштаган чечимин жөнөткөн эле.