Бүгүн БШК депутат Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу маселесин карайт

Бүгүн, 1-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова Текебаевди мандатынан ажыратуу маселесин көтөрүү эрте экенин айткан. Абдрахматова Конституция боюнча акыркы чекитти Жогорку Сот коё турганын билдирген.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. 24-октябрда жактоочу Чынара Жакупбекова Текебаев боюнча соттордун өкүмүнө каршылык билдирип, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан