“Биометрика болбогондо өлкөдө митингдер, баш аламандыктар болмок” деп бүгүн, 22-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында сыйлык тапшырып жатып билдирди.
Президент жакында өткөн маалымат жыйында биометрикалык маалымат боюнча суроо берилгенин эскертти.
“Журналист биометрикага каршы экенин билдирди. Европага тапшырып, Кыргыз мамлекетине тапшырбай турганын айтты. Биздин өлкөнү сыйлабаса башка жакка кетсин. Биометрикалык маалымат аркылуу шайлоо таза өттү. Шайлоонун таза өтүшү менин тилегим болчу”, - дейт Атамбаев.
Эске салсак, 20-ноябрдагы маалымат жыйында журналист биометрикалык маалымат тапшырбай шайлоого катыша албай калганын айткан.