Атамбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган журналистти Европага кетүүнү сунуштады

Бүгүн, 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттердин бири президент Алмазбек Атамбаевге жарандардын биометрикалык маалыматтарынын сакталышы тууралуу сурады.

Массалык маалымат каражатынын өкүлүнүн айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтарды сактоого кепилдик бере албайт. "Мен акыркы шайлоолорго катыша албадым, анткени биометрикалык маалыматтарымды тапшырган эмесмин. Шайлоодо добуш бере албай мен Конституциялык укугумдан айрылдым", - деди журналист.

Атамбаев андан "Европага барып жатасызбы?" деп сурады. Журналист "Ооба" деп жооп бергенде, президент Европада биометрикалык маалыматтарды баары бир тапшырып жатканын айтты. Журналист "аларга ишенгеним үчүн тапшырам" деди.

"Эгер аларга ишенсеңиз ошол жакка кетип калбайсызбы? Бизде эми дайыма шайлоолор биометриканы колдонуу менен өтөт. Мекенди сыйлаш керек", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан