"Бул сүрөттөр 21-ноябрда тартылып алынды. Аба ырайы абдан суук болуп жаткан", - деп жазат окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына бүгүн, 23-ноябрда WhatsApp аркылуу.
"Ош облусундагы "Кара-Суу" базарында кайыр сурап отурган келиндин жанында балдары уктап жатат. Үйдө балдарын караганга киши жок болсо керек. Астына кагаз картондорду төшөп коюптур. Суук түшүп калды, эгер балдардын жашоосу ушундай абалда уланса алар ооруп калат. Жергиликтүү бийлик, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү көңүл бурбайбы?" - деп билдирген ал.
Келиндин астындагы кагаздагы жазуу өзбек тилинде. Анда "Аллах үчүн жардам бериңиздер, 3 балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Балдарымды өзүм багып жатам" деп жазылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.