Франциялык 29 жаштагы активист Баптист Дюбанше 10 ай бою Атлантика океанын жалгыздап кезип, кайыкта сүзгөн. Ал жанына дүкөндөр колдонуу мөөнөтү бүткөн деп чыгарып салган азыктарды гана алып кеткен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат.
Дюбаншенин Парижден Нью-Йоркко чейинки саякаты 10 айга созулган. Ушул жылдын январь айында ал Франциядан велосипед менен чыккан. Андан соң Испанияны да велосипед менен аралап өтүп, Мароккодон катамаран сыяктуу кайык менен океанга чыккан. Жанына ар дайым дүкөндөрдөн чыгып калган мөөнөтү өткөн азыктарды алып жүрүп отурган. Атлантика океаны аркылуу ал Мароккодон Майами шаарына чейин ошол катамаран кайыгы менен сүзүп келген. Ал жактан Нью-Йоркко чейин кайрадан велосипедде саякатын улаган.
Жарамдуу мөөнөтү өткөн азыктардын арасынан ал 9 жыл мурда жарактан чыккан чечевица, 2011-жылы иштетилип чыккан күрүч, 50 жыл мурун сатып алынган балды да жеген. Мындай жол менен Баптист Дюбанше пайдалануудан чыккан азыктарды бекер эле ыргытышарын даңазалагысы келген.
Азык-түлүккө болгон мындай мамилени ал ысырапкерчилик деп эсептеп, муну менен активист көптөн бери күрөшүп келет. Ал азыктарды алгач тоңдуруп, андан соң кургатып коюу керек деп эсептейт. Ошондой эле дан жана майдаланган азыктарга жарамдуу мөөнөтүн жазып көрсөтүүнүн кереги жок дейт.
Бирок кайтып келген соң Дюбанше адаттагыдай азыкты сагынганын айтат. "Мен ал азыктардан өлгөн жокмун, бирок океандан кургактыкка чыкканда жеген пиццага укмуштуудай канааттандым", - деп белгилеген активист.