Ноокат районунун Жийде айылында 25-ноябрдан 26сына караган түнү тургундардын биринин үйү өрттөнүп кетти. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Үй ээлери тойдо болушкан. Бактыга жараша, үйдө эч кимиси жок экен. Кошуналар өрт өчүрүү кызматына чалып, алар түнкү саат 1:15терде келип өчүрүп кетишти. Учурда жабыр тарткан үй-бүлө туугандарыныкында баш калкалоодо", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.