Нарын облусунун Жан-Булак айылында мектептин дене тарбия мугалими 13 жашар баланы сабап, мурдун сындырып салганын окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Айылдын 1 эле мектеби бар. Анын Р.Ж. аттуу мугалими бүгүн А. уулу Ж. аттуу өзүнүн 7-класстагы окуучусунун мурдун сындыра чаап сабап салды. Буга чейин аталган мугалим менен жабырлануучунун атасы уруша кетишкен. Р.Ж. А. уулу Жнын атасын үйүнө көп ит багат деп күнөөлөп, мас болуп алып мурунку түнү алардын терезелерин талкалап, үй ээсинин аялын жулмалап, ызы чуу салганда, үй ээси мугалимди сабап койгон. Бүгүн болсо мугалим топтошкон балдарды ээрчитип келип, уруксатсыз кошунасынын унаа токтотуучу гаражына кирип баратканда, үйдө эч ким жок экенин айтып аркасынан кирген өспүрүм баланы эч себепсиз мурдун талкалап сабап салган. Ошол жерден башка кошуналары келип алып калышкан. Учурда жабырлануучу тарапка мугалимдин туугандары арыз жазбагыла деп суранып келип жатышат. Улуулардын ортосундагы чатактан эмнеге жаш балдар зыян тартышы керек? Ал бала психологиялык жактан жабыркап, баш мээси чайкалып азыр ооруканада. Мугалимдин колунан ушундай келип жатса анда башкасы эмне кылат билбейм", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.