Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалар жолго 3 катар болуп тизилип алышкан. Алар башка жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып, тыгын пайда кылууда. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу бөлүгүндө жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду. Алар бир тилкеге үчтөн катар болуп тизилип туруп алышкан. Жылып кетишпейт же бир эле катарга тизилишпейт. Унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбай жолго чыгып алышып, жыла албай турушат. Башка автожүргүнчүлөр айласыздан каршы тилкеге чыгып өтүп жатышат. Ошондой эле Хонда үлгүсүндөгү минивэн менен такси кызматын көрсөткөн айдоочулар да күтүүсүз алдыңан каршы тилкеге чыга калышат. Жол кырсыктары эмнеге көбөйүп жатат дейбиз. Жолго чыкканда айдоочулар дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жоопкерчиликтүү карашса", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.