ЭЛДИК КАБАР: "Бала бакчаларда "Таза коом" долбоорун ишке ашырууга керек деп ата-энелер тууралуу жеке маалыматтарды чогултуп жатышат" дейт окурман

"Бишкек шаарындагы бала бакчалардын бирине баламды берем. Бүгүн баламды таштайын деп барсам колума даяр бланка беришип, "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу үчүн балдардын ата-энелери тууралуу маалыматтар чогултулуп жатат, толтуруп бериңиз" дешти. Кагазды окусам ал жакта ата-энесинин аты-жөнү, паспорт номери, ким тарабынан берилгени, анын берилген мөөнөтү, алган билими, квалификациясын жогорулатышы, илимий баскычтары, иштеген жери, ал жерден алган сыйлыктары, мамлекет тарабынан алган сыйлыктары деп отуруп бир барак суроо жазылыптыр. Ал тургай ЖОЖдо кайсы группада окуганың, мектепте окуп жүргөндө "а" класс белең же "б" класс белең деген да графалар бар экен. Муну ким талап кылып жатканын сурасам, Билим берүү жана илим министрлигинен дешти. "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу үчүн бала бакча тарбиялануучуларынын ата-энеси тууралуу мынча маалыматтын эмне кереги бар?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baktikan
2017-11-29 15:25:22
Tuptuura ele go~men chet jerde jashaimin~ata enenin tak maalimatin~balani toluk med teksheruudon otkozup~tuulgandan bashtap algan privivkalarin toluk kochurup barasin~bul bakchaga kireerde ele emes jil sain sozsuz kaytalanip turat~
0
Malik92
2017-11-29 15:50:59
Тантырабай калгыла Кыргыз тилин жээригендер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан