"Сейил бак аркылуу суу түтүгүн алып өтөбүз деген адамдар жерди казып, бактарга зыян келтирүүдө. Коомдук жайды казууга уруксат бербей эле койсо болмок жергиликтүү бийлик". Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан сейил бак аркылуу белгисиз адамдар суу түтүгүн алып өтөбүз деп жерди казып салышты. Натыйжада канча жылдан бери шаарга көрк берип турган бак-дарактардын тамырлары жабыркоодо. Коомдук жай аркылуу суу алып өтүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербей эле койсо болмок. Казуу иштери 7-декабрда саат 4төрдө башталды. Аймак жеке менчик болсо бир жөн", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.