ЭЛДИК КАБАР: "Орусияда жол кырсыгы катталып, 2 Кыргыз жараны каза болду" дейт окурман

Орусиянын Екатеринбург-Невьянск унаа жолунда жол кырсыгы катталганын жана анда 2 Кыргыз жараны каза болгонун "Элдик кабарга" окурман билдирди.

"Екатеринбург-Невьянск унаа жолунун 66-чакырымында ичинде Кыргыз жарандары бар автоунаа кырсыкка кабылды. Окуя бүгүн, 8-декабрда эртең мененки саат 10дор чамасында болгон. Кырсыкка кабылган жеңил унаанын ичиндеги айдоочу менен бир жүргүнчү каза болду. Алардан башка дагы 2 жүргүнчү жаракат алышкан. Абалдары орто "Тез жардам" кызматы аларды Невьянск шаарындагы ооруканага алып кетишкен", - деп билдирди ал.

"Каза болгон айдоочунун документтери Жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринде экен. Ал эми берки каза болгон жүргүнчүнүн аты-жөнү такталды. Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан болот экен. Консулдук тарабынан туугандары табылып, кабар берилиптир", - деп кошумчалады окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Орусиядагы жол кырсыктарынан 4 Кыргыз жараны көз жумду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZhanMM
2017-12-08 18:49:23
Ээй, Кудай озун сактай кор! Дагыбы а? Дагы кырсыкпы? Дагы адам омуру кеттиби?
+11
Jaziko80
2017-12-08 22:07:40
Кудай сактасын. Олгон адамды окугандале кыргыз жараны болуп жататго. Кобойолу десек. Жанындагы шеригин жаман журсо кусуру озуно тиет дегендей. Жемкорлор жесе Элибизге тийбей жатты бекен. Кудай сактасын. Кыргыз кобойсун. Ким жаман иш кылса Аллах озуно корсотсун. Жазаласын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан