Акыйкатчы Турсунбек Акундун ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамында ар бир фракциядан экиден депутат бар. Алар: Сайдулла Нышанов, Акуналы Досалиев (“Ата Мекен”), Гүлнара Жамгырчиева, Мамытбай Салымбеков (КСДП), Урмат Аманбаева, Абдыжапар Бекматов (“Республика”), Надира Нарматова, Өмүрбек Бакиров (“Ата Журт”), Эристина Кочкарова, Нуркамил Мадалиев (“Ар-намыс”). Депутаттык комиссия акыйкатчынын иши боюнча иликтөө жүргүзүп, бир аптадан соң Жогорку Кеңеште маалымат берет. Эске салсак, Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу маселе боюнча кабыл алынган токтомдо Турсунбек Акунду кызматтан бошотуу тууралуу сунуш бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан