Канадалык спортчу Молли Карлсон Атлантика океанында калкып жүргөн айсбергден сууга секирип, мындай трюкту жасаган дүйнөдөгү биринчи аял болуп калды.
Ал 11-июнда Канаданын Ньюфаундленд аралынын жээгинде тарыхый секирүүсүн жасаган. Бирок, Red Bull долбоору тарткан тасма жана расмий маалыматтар коомчулукка 22-октябрда гана жарыяланган.
28 жаштагы Молли бул рекорду жаратыш үчүн төрт жыл машыккан.