Бишкек Жылуулук электр борборунда дагы бир авария болду. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, авария номур 24-казанды иштетүүдө катталган. Трубада 60 миллиметр жарака пайда болуп, суу агып баштаган. Жарака аба ырайынын 20 градус сууктугунан пайда болду. Мындан улам учурда адистер 23-казанды иштетүүгө даярдап жатышат. Күчөтүлгөн иш тартиби сакталууда.
Эске салсак, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. Ошондой эле бир нече райондо жылуулук менен катар электр энергиясы да жок болуп жатат.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.