"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Билим берүү министрлиги окуучулар каникулда болсо да мугалимдердин иштеп жаткандыгынын себебин түшүндүрдү

Аба ырайынын кескин төмөндөп кеткендигинен улам окуучулар 26-январдан 30-январга чейин каникулга таратылган. Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөӊ-Алыш айылынын тургуну SUPER.KG'ге "Суукка байланыштуу мектептерге каникул деп жарыялашты. Бирок мугалимдер күндөгүдөй иштейсиӊер деп жатышат. А эмне мугалимдер айтылып жаткан суукта жылуу үйлөрүндө отурса болбойбу?" - деп WhatsApp аркылуу суроо салган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы мугалимдер аба ырайы суук болсо да иштөөгө милдеттүү экендигин кабарлады.

"Аба ырайы суук болсо да мугалимдерге каникул болгон жок. Сабактары жок болгону менен, алардын план жазуу сыяктуу иштери бар. Балдарды окутпаса да күн сайын жумушка келгендиги үчүн мугалимдерге кадимкидей эле маяна эсептелинет", - деп жооп беришти министрликтен.

Белгилей кетсек, окуучулардын каникулу алгач 26-январдан 30-январга чейин деп белгиленип, кийин 3-февралга чейин узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dima85z
2018-01-31 19:22:55
темио екенда мугалим байкуштар
0
Isco23
2018-01-31 19:28:37
Dima85z,не башка медайымдар жб.лар антифризби алар жонле ишьеп жатат го
+2
Isco23
2018-01-31 19:23:46
Мугалимдер иштейт да. Окуучу эмес го. Башка ишканалар жонле иштеп жатышат го арыз муунун айтпай эле
+2
mc-0101
2018-01-31 19:30:25
Isco23,билсе башка ишканалар чакан болгондуктан жылуу ал эми мектеп болсо чон ичтери суук
+1
nargiz-sa
2018-01-31 22:58:47
mc-0101,класстарда же коридордо отурбайт да мугалимдердин каанасы бар ошол жакта отуруп иштешет
0
Parish
2018-01-31 21:12:36
Isco23,Ишке барып алар,окуучулар жок эмне бири бирине сабак беришеби???
-1
Jazdyn_tany
2018-01-31 19:49:29
Мен бул Элдик кабар чыкканда эле, райондук билим берүү бөлүмүндө иштеген адам катары "мугалимдер айлык акы алат" деп түшүндүрүп, комментарий жазсам, жеп коёюн дешти го..."Каникул учурунда айлык акы албайт, эй акылдуу!" деп...
+3
Isco23
2018-01-31 19:53:23
Jazdyn_tany,ошо смартфонду утуп алайын деп эле элдик кабарды булгап бутцшту
+3
aiman1983
2018-02-01 00:06:46
Мугалим кадимкидей айлык алат деп министр айым айта берет да, ал каникулун эки эсе кылып суббота кундору кадимкидей кайра иштеп беришет, байкуш мугалимдер. Берген айлыгы 5000-6000учун керели кечке иштешет, кагаз иши толтура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан