Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги соттук отурум улантылууда. Анда 2012-жылдын 3-октябрында өткөн митингде депутат Талант Мамытов менен УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринин мушташып жатканы тартылган видеотасманы көрсөтүү сунушталууда. Жактоочулардын айтымында, бул видеотасма 1 апта мурун келип түшкөн, авторлору ким экендиги айтылбайт. Ак үйдүн 2-кабатынан тартылган тасмада Мамытовду бир канча адам сабап жатканы тартылып калганы айтылууда. Бул сунуш ачык бойдон калды, соттук отурум саат 14:00дө улантылат.