10-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 322 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күнгө карата аталган суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 910 метр кубду түзсө, суунун агып чыгышы 203 метр кубга жеткен. Маалыматка ылайык, өткөн 2012-жылдын 10-июнуна карата суунун көлөмү 15,418 миллиард метр кубду түзгөн.