Президент Алмазбек Атамбаев “Бишкекте 2012-жылдын 20-декабрында кол коюлган “Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн” экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргызстандын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 16-майда кабыл алынган. Ага ылайык, Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн каржылык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.