Мамлекеттер аралык электр чубалгыларын пайдалануу жаатында КМШга катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр чубалгыларын пайдалануу жаатында КМШга кирген мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 16-майында кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан